Домой Коом Жогорку билимдүүлөр

Жогорку билимдүүлөр

12

БилимЖогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңеште Жогорку Окуу жайларынын студенттерин окуу жайды бүтүрүшкөндөн кийин иш менен камсыз кылууну милдеттендириш керек» -деп демилге көтөрдү. Бирок, айтылган кеп эле жүйөөлүү боло бербейт эмеспи.

Кыргызстандын өкмөтүндө «Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги», «мамлекеттик кадр кызматы» -дегендер бар. Булар эмне кылып отурушат, же бул министрлик менен мамлекеттик кызматтын эркектерин «мурундарын чукуп, аялдары тырмактарын боёп отурсун» -деп түзүлүп коюлду беле?

Мындай маселени чечиш үчүн ЖОЖдордун санын кыскартуу керек. Азыр, Кыргызстанда ЖОЖдор айыл өкмөттөрүндө гана жок, чакан шаарлардын баарында бар. Билим берүүнүн сапаты өтө төмөн. Ата-энелери акча төлөшүп ЖОЖдордун дипломдоруна ээ болгондордун 25-30 пайызы жумушка орношот. Калгандары баягы эле Россия, Казакстан дагы башка чет өлкөлөргө жан багууга кетишет. Кыргызстанда калгандары болсо базарларда байпак, калпак сатып отурушса, айрымдары эски авто унаа менен «таксават»-этишет, курулуштарда иштешет. Айтор, «таксават» эткендер, байпак саткандар да жогорку билимдүүлөр! Бали!!!

Айбат гезити №64