Домой Саясат Жогорку Кеңешти Келдибеков боюнча комиссия түзүүнү сунушташууда

Жогорку Кеңешти Келдибеков боюнча комиссия түзүүнү сунушташууда

3

Кочкорбаев Абдимуталип“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Абдимуталип Кочкорбаев абалды “аныкташ керек” деген ойдо. Жогорку Кеңештин 5-декабрдагы жыйынында “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Абдимуталип Кочкорбаев атажуртчу депутат Ахматбек Келдибековдун кармалышы боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. “Бүгүн бул иштин айланасында көп ызы-чуу болуп, эл түрдүү нерселерди айтып жатат. Абалды аныкташ керек”,- деди Кочкорбаев. Белгилей кетсек, 20-ноябрда Келдибеков кармалып, УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган. Анын баш коргоо чарасы 2 ай камакка алынсын деп белгиленген болчу

Айбат гезити №56