Домой Негизги Жогорку Кеңештин азчылык коалициясы урады

Жогорку Кеңештин азчылык коалициясы урады

6

жк

«Мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк үчүн» парламенттик коалициялык азчылыгы урады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүн, 26-июндагы жыйынында белгилүү болду.

Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров билдиргендей, «Ата Журт» фракциясы «Республика» фракциясынын «Ырыс алды ынтымак» көпчүлүк коалициясынын курамына кирүү ниети тууралуу чечимин кабыл алды. Буга байланыштуу коалицилык азчылыктын төрагасы Мыктыбек Абдылдаев өзүнүн ыйгарым укугун жыйыштырды.

«Ошондой эле ал фракциянын лидерлик кызматын өткөрүп берди. Фракциянын көпчүлүлүк мүчөсү Садыр Жапаровдун «Ата Журттун» лидерлик кызматына кайрадан бекитилүүсүн колдошту», – деди парламентарий.