Домой Коом Жогорку Соттун Төрайымы Феруза Джамашева Дүйнөлүк банктын жетекчиси Поль Матье мырза менен...

Жогорку Соттун Төрайымы Феруза Джамашева Дүйнөлүк банктын жетекчиси Поль Матье мырза менен жолугушту

2

жогорку сот2013-жылдын 4-июлунда, Жогорку Соттун Төрайымы Феруза Джамашева Кыргыз Республикасындагы Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банктын (ДБ) миссиясынын жетекчиси Поль Матье мырза менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева билдирди.

Поль Матье мырза өлкөдө каржылык кризис учурунда, инвесторлордун кызыкчылыгын коргоодо соттун ролун белгилеп, Эл аралык валюта фондунда банктарды коргоо боюнча программа тууралуу маек курду. Учурда Кыргызстандын банктарынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп жаткандыгын айтты.

Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен сүйлөшүүнүн негизинде үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында жаӊы иштелип чыккан банк чөйрөсү жөнүндө жаңы Кодекс кабыл алынуусу пландалганын белгиледи.

Жогорку Соттун Төрайымы Феруза Джамашева Кыргызстандагы жүрүп жаткан сот тутумунун реформасы тууралуу жана бул кадамдар элдин сот системасына болгон ишенимин арттыруу үчүн жасалып жаткандыгы тууралуу айтты. “Жакында Жогорку Соттун Конституциялык Палатасы ишке киришти. Эгерде жогоруда айтылган банктар тууралуу жаңы мыйзам ишке кирише турган болсо, судьяларды окутуу зарылдыгы келип чыгат”, – деди сот төрайымы.

Жолугушуунун аягында Поль Матье мырза Жогорку Соттун жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип: “Революциядан кийин силер өзүӊөрдүн келечегиӊерди, укуктук мамлекетти куруп жатасыӊар”, – деп сөзүн жыйынтыктады.