Домой Коом Жол кайгуул кызматынын жетекчисин өз ишин билбейт деп айыпташты

Жол кайгуул кызматынын жетекчисин өз ишин билбейт деп айыпташты

4

Талантбек Исаев

“Талантбек Исаев мурун жол кайгуул кызматында иштебегендиктен, аталган структураны кантип башкаруу керек экендигин билбей жатат”. Мындай пикирин 25-июлда маалымат жыйыны учурунда Ноокат райондук жол кайгуул кызматынын мурдагы кызматкери Ибрагим Ханбаев билдирди. Анын айтымында, Талантбек Исаев иштин көзүн билбегендиктен өлкөдө жол кырсыктары көбөйүүдө. “Жакында эле Жети-Өгүздө жол кырсыгы катталып 14 адам каза болду. Бул ар бир райондо жол коопсуздугун 1-2 гана кызматкер көзөмөлгө алып жаткандыгынан кабар берип турат. Буга чейин бир эле райондо 5-6 адам жол коопсуздугун көзөмөлгө алып турчу, кырсыктар да көп болчу эмес. Бул кызматта адистердин жетишсиздиги, ишке алуудагы коррупциялык иштердин гүлдөгөндүгүнөн кабар берип турат”, – деди Ханбаев. Ошондой эле ал, кесипкөй кызматкерлерди иштен кетиргенден көрө Жол кайгуул кызматынын жетекчиси бул структураны жаңы жабдыктар жана мыкты адистер менен толукташы зарыл экендигин кошумчалады.