Домой Коом Жол тоскондор аракка тоюп алып, милиция кызматкерлерин кууй баштады

Жол тоскондор аракка тоюп алып, милиция кызматкерлерин кууй баштады

16

Алай27-июндан бери карай Ош-Эркечтам жолун бууп турган Акматбек Келдибековдун тарапташтары эми мурдагыдан да орой мыйзамсыз кадамдарга бара башташты. Маселен, бүгүн 4-июнда жол тосулуп турган аймакта 60тын тегерегинде мас абалындагы адамдар беттерине кара чүмбөт жамынып алышып, ат менен ары-бери ойдолоктотуп ар кимди «Сен кимсиң? Эмне кылып жүрөсүң?» деп опузалап жүрүшөт. Ал жердеги тартипке көзөмөл кылуу максатында барган милиция кызматкерлерин да беттери чүмбөттөлгөн атчандар колдорундагы таяктары менен коркутуп, чапкылашып, машинелерине отургузуп, кайра аркага кубалап жиберишкендиги тууралуу видеоматериал маалымат сайттарына жарыяланды. Эске сала кетсек, кечээ 3-июнда күч блогу боюнча вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев «Жол тоскондорду милиция кызматкерлери эчак эле кууп, таратып жибергенге күчү жетмек. Бирок, азыр милиция гумандуулук кылып атат» деп билдирген. Бирок, тилекке каршы кызуулукка алдырган митингчилер милициянын гумандуулугун туура эмес түшүнүп, «Бизди эч ким эч нерсе кыла албайт» дегендей атайын орой мамилеге өтө баштады. Мындай көрүнүш эл өкүлү Бөдөш Мамырованын да тынчын алып жатканы билинди. «Бул мас абалындагы балдар кайдан келди?» дейт ал. Ырасында эле алар кайдан келишти? Же Келдибековдун тарапташтары жол тосуп отуруп тажагандарынан ызы-чуу кылууну көздөп калыштыбы? Бийликтин гумандуулугунан, өз элине эч качан ок чыгарбай тургандыгын түшүнгөндүгүнөн пайдаланышып Келдибековдун басып койгон акчаларынан алып жаткандар мыйзамдуулуктан кабары жок караңгы жигиттерди атайылап ушундай кадамдарга түртүп жатышабы? Акыры бир бийлик тарабынан мындай мыйзамсыз кадамдарга чара көрө турган учур келди окшойт. Болбосо, жол тоскону чыккандар эми ар кимден шектенишип, алдынан чыккандардын бардыгын «Сен кимсиң?» деп ур-токмокко алууга өтө башташты.

Айбат гезити №81