Домой Саясат Жол тоссо эле маселе чечилип калабы?

Жол тоссо эле маселе чечилип калабы?

3

жолугушууМындан үч күн мурда Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов, “Акыйкат” партиясынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов жана “Чындык” партиясынын лидери Кубанычбек Кадыров тар чөйрөдө кезигишти. Жолугушууда күздө парламент тарап кетсе бирдиктүү блок түзүү, бир туунун алдында шайлоого аттануу демилгеси көтөрүлүптүр. Ошондой эле 23-июлда Жогорку Сотто өтүүчү сот процессине байланыштуу борбор калаада жана жер-жерлерде нааразычылык акциясын уюштуруу талкууга салынды дешет. Жыйынтыгында митингдерди Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында, Ысык-Көл облусунун имаратынын жанында, Жалал-Абад облусу жана Ош облусунда өткөрүү чечими кабыл алынганын ишенимдүү булагыбыздан кабарлашты. Беркилер го Ак үйдөн ашып түшө берип көнүп калышкан, ал эми кезинде тышкы иштер министри болуп, өзүн эл аралык масштабдагы дипломат санаган Жекшенкуловдун “митингчи” болгусу келгенин таптакыр түшүнбөдүк. Же маңсап дарты Жекшенкуловду да “баскынчы” кылып тынабы?

Айбат гезити