Домой Экономика Жоомарт Оторбаев: “2014-жылы “Манас” транзиттик борбору ишин токтотсо, бюджет 2,5-3 млрд сомго...

Жоомарт Оторбаев: “2014-жылы “Манас” транзиттик борбору ишин токтотсо, бюджет 2,5-3 млрд сомго азаят”

4

жоомарт оторбаевВице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бул тууралуу Бишкекте өткөн донорлор конференциясында билдирди.

“Алдын ала божомолдоолор боюнча 2014-жылы “Манас” тарнзиттик жүк ташуу борбору Кыргызстандагы өз ишин токтотушу менен  бюджет 2,5-3 млрд. сомго чейин азаят. Бирок бул сумма жалпы бюджеттин 2-3%ын түзөт, ошондуктан ал кардиналдык абалын шарттабайт.

Өкмөт бюджеттин киреше бөлүгүнө ылайыкталган  бир катар долбоорлорду пландоодо. Мисалы, нефти иштетүүчү завод, куйма темир заводу”, – деди Ж. Оторбаев.

“Бирок, эң башкы басым экономиканын өнүгүүсүнө болот. Соода тармагынын, айыл чарба продукцияларынын жана туризмдин өнүгүшү экономиканын өнүгүүсүнө алып келет”, – деп кошумчалады. (ГТ)