Домой Экономика Жоомарт Оторбаев электр энергиянын экспортун кыскартууну сунуштады

Жоомарт Оторбаев электр энергиянын экспортун кыскартууну сунуштады

1

жоомарт оторбаевКыргызстанда суунун аз болушунан улам Энергетика жана өнөр-жай министрлиги электр энергияны экспорттоону азайтууну сунуштап атат. Бул тууралуу кечээ, 8-июлда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев журналисттерге билдирди.

“Өткөн жылдан баштап Кыргызстанда суу аз болууда. Бул албетте, жаратылышта болгон климаттык өзгөрүү. Метеорлогдор суу тартыштыгы бир канча жылга чейин созуларын айтууда. Гидроэнергетикадан көз каранды болгон биз үчүн бул кооптонуу жаратат. Ушундан улам энергетика министрлиги альтернативалык план сунуштап атат. Ал: электр энергияны аз сатуу жана бизге акча керек болгонуна карабай сууну чогултуу. “Электр станциялары” ААКына оңдоо иштерин жүргүзүүгө жана көмүр сатып алуу үчүн каражат керек”,- деди Оторбаев.