Домой Экономика Жоомарт Оторбаев: Өкмөт жакынкы 4 жылда донорлордон 4 млрд доллар алат

Жоомарт Оторбаев: Өкмөт жакынкы 4 жылда донорлордон 4 млрд доллар алат

7

жоомарт оторбаевКыргызстандын өкмөтү жакынкы 4 жылда эл аралык донорлордон өлкөнү өнүктүрүү үчүн 2 млрд доллар алат. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда алдыда боло турган форум тууралуу өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушкан маалда вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, алдыда боло турчу форумда акыркы 3 жылда эл аралык донорлор тарабынан бөлүнгөн каражаттардын колдонулушу тууралуу финансы министри Ольга Лаврованын доклады угулат.

“Биз албетте, дагы каражат алууга ниеттенип жатабыз. Бирок, айтылган жана ойлонгон нерселер дайыма эле ишке аша бербейт. Донорлор менен иштөөдө бардык милдеттерди так аткаруу керек. Азия өнүктүрүү банкы долбоорлордун талаптары так аткарылгандыгы үчүн кредиттик портфелди 30%га көбөйттү”,- деди Оторбаев.