Домой Коом Жумгал-Бишкек каттамындагы автобустардын жүргүнчүлөрү ашыкча акча талап кылган айдоочуларга нааразы

Жумгал-Бишкек каттамындагы автобустардын жүргүнчүлөрү ашыкча акча талап кылган айдоочуларга нааразы

5

FILE000499Нарын облусунун Жумгал районундагы айылдардын кээ бир тургундары Чаек-Бишкек багытындагы түнкү каттамындагы автобустун (икарус) айдоочусунун айыл тургундарынын жүктөрү үчүн ашыкча сумма талап кылынып жатканына нааразы болушууда.

Жергиликтүү жүргүнчүлөрдүн айтымында, алар өздөрүнүн капчыктарына ыңгайлуурак деп бул багытта каттап жатышат, бирок бир аз жүк үчүн эле унаа ээлери, ашыкча акча талап кылып келишет. Жүргүнчүлөр толуп орун калбай калган күндө деле жүк салуучу жайын толтурмайын кетишпейт, малдан баштап, тамак ашка чейин жүктөшөт, дейт алар.

«Салмагы аз болгон эле баштыкча же болбосо кутучага 300-500 сомго чейин акча талап кылат, андай акчабыз жок десең анда салбайбыз башка менен кетиңиз деп туруп алат. Айла кетип автобекеттин кассасына барсаң алар 100 сомго чейин жүккө деп билет кыркып берет, аны айдоочуга алып барсаң билет менен бетке чабат», – дейт атын толук атагысы келбеген жүргүнчү А.С.

Чыгыш автобекетинин жетекчилигинин билдирүүсү боюнча, билеттин баасы 250 сом болсо, жүккө 25 сом (10%) төлөнүшү керек. Нарын тарапка 80-90% жүк ташыган жүргүнчүлөр каттайт, жүктүн негизги көлөмү 101 метр, туурасы 50 см, бийиктиги 30 см гана болушу керек. Ошондо жалпы параметри 180 см.ден ашпашы керек.

«Жүктүн салмагы 40 кг.дан ашпашы керек, жүргүнчүнүн акысыз жүгү 20 кг болуусу абзел. Жүккө төлөм Монополияга каршы комитети коюп берет», – автобекеттин директорунун орун басары Алмазбек Байсопуев.