Домой Коом Жумгал району боюнча 6 айда 4,1 тн «эт», 8,2 тн «сүт», 637...

Жумгал району боюнча 6 айда 4,1 тн «эт», 8,2 тн «сүт», 637 миң даана «жумуртка» өндүрүлгөн

6

Мясной-базар-ТюменьНарын облусунун Жумгал району боюнча 2013-жылдын 1-жарым жылдыгында негизги көрсөткүчтөр менен райондук мамлекеттик статистика бөлүмү 6 айдын иш планын 100% аткарышкан. Бул тууралуу Жумгал райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн башчысы Светлана Эрмекова «Жумгал KG» маалымат булагына билдирген.

Маалыматка караак, 2012-жылдын 6 айына тирүүлөй салмакта эттин өндүрүмү 4,09 тн болсо, бул жылы 4,1 тн түзгөн, сүттүн өндүрүмү быйыл 8,2 тн, жүндүн өндүрүмү 340 тн, жумуртканын так даана өндүрүлгөнү 637 миңди түзсө, электр энергияны өндүрүү 532,4 млн.кВт саат жеткен, ал эми ундун өндүрүмү 2012-жылдын 6 айына 1996 тн болсо бул жылдын 1-жарым жылдыгында 2011 тн болуп 106,7 % көрсөткүчкө жеткен.

www.jumgal.kg. 

Мирбек Асаналиев