Домой Коом Жумгал районунда агро өнөр-жай жана айыл чарба кызматкерлеринин профсоюзу окуу өткөрдү

Жумгал районунда агро өнөр-жай жана айыл чарба кызматкерлеринин профсоюзу окуу өткөрдү

13

IMG_6569Бүгүн, 2-августа Нарын облусунун Жумгал районундагы «Жумгал KG» маалымат борборунун конференц залында Жумгал районунда агро өнөр-жай жана айыл чарба кызматкерлеринин профсоюзунун төрайымы Саткын Алсеитова жергиликтүү профсоюздук комитеттердин өкүлдөрүнө окуу-семинарын өткөрдү.

Ага райондук мекеме ишканалардын, айыл өкмөттөрдүн профсоюздарынын проф активистери жана мекемелердин башкы эсепчилери жана профсоюз мүчөлөрү болуп 20га чукул адам катышты.

Өткөрүлүп жаткан семинарда профсоюз деген эмне, анын максаты, милдеттери кандай, кимдер менен иштешет жана аларга кандай мамиле жасоо керектиги жөнүндө окуулар болду.

Саткын Алсеитованын айтымында, өткөрүлүп жаткан семинардын негизги максаты — профсоюздар уюмунун биримдигин, тилектештигин бекемдөө, алардын заман талабына ылайык өсүп-өнүгүшү үчүн жаңы маалыматтар менен камсыз кылуу. «Буюрса жыл сайын профсоюздардын иши тууралуу окууларды өткөрүп турабыз. Бул семинарда билим берүү тармагынын райондук профсоюздук комитетинин төрайымы да катышып, эмгек кодекси тууралуу орчундуу суроолорго жооп берди. Эми бул окуунун жүрүшү жер-жерлеринде да улантылат», — деди ал.

Мирбек Асаналиев