Домой Коом Жумгалда 5 айда 3575 рецепт жазылып, 599 миң 387 сомго жеңилдик менен...

Жумгалда 5 айда 3575 рецепт жазылып, 599 миң 387 сомго жеңилдик менен дарылар берилген

4

3Нарын облусунун Жумгал районундагы үй-бүлөлүк медицина борбору 2013-жылдын 6-айына 110 миң сомго дары-дармек, 56 миң сомго оргтехника, 50 миң сомго косметикалык ремонт жүргүзгөн. Бул тууралуу маалымат Жумгал райондук үй-бүлөлүк медицина борборунан алынгандыгын аймактык кабарчыбыз Мирбек Асаналиев билдирди.

Ушундай эле медицина борборунда орто медицина кызматкерлери билимдерин жогорулатуунун үстүндө эмектенишип 6 айда 14 дарыгер, 24 медайым билимдерин жогорулатып келген. Жалпы 25 дарыгер, 5 тиш дарыгери, 108 орто медицина кызматкери эмгектенишет. Медицина борборунун жалпы штаты 191 кызматкер.

Район боюнча камсыздандырылган жарандарга мамлекеттик кепилдик программасынын негизинде, кошумча пакет менен 2013-жылдын 5 айына 3575 рецепт жазылып, 599 миң 387 сомдук жеңилдик менен дарылар берилип 96,6 % түзгөн. Ал эми 5 назологиялык ооруларга 218 рецепт жазылып 101 миң 459 сомго дарылар берилген.