Домой Коом Жумгалда айрым көмүр казган ишканалар техниканы ижарага алып иштетишет

Жумгалда айрым көмүр казган ишканалар техниканы ижарага алып иштетишет

3

DНарын облсунун Жумгал районунун Кара-Кече аймагынан орун алып көмүр отунун өндүрүп жатышкан ишканалардын айрымдары көмүр казуу техникасын ижарага алып иштетишет. Бул туурасында «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалынын жетекчиси Белек Саманчиев аймактык кабарчыбыз Мирбек Асаналиевге маек куруп берген.

Анын айтымында, «өкмөт тарабынан техника жок, жардам жок болгондуктан өзүбүз эле карыздап мына көмүр чыкканда беребиз деп учурда ижарага 3 эксковатор алып келдик, «хобо» унаасынан 6 ны алып келдик, иштетүүгө күйүүчү майды да карыздап алып иштетип жатабыз»  – дейт Б.Саманчиев.

Ушу мезгилге чейин тазалоо иштеринде иштеп жатышат. Биздин филиал көмүр кени бар аймактын борбордук участкасынан көмүр өндүрөт. Былтыркы жылы Кореядан ишкерлер келип колдойбуз, каржылап беребиз дешкен, бирок “келет көрөт-кайра эле кетишет” корейлер  иштете турган болсо буга чейин иштетишмек эле да, канча жолу келип кетишти тиги техниканы алып келебиз бул техниканы алып келебиз деп.

«Анан туруп кайра биздин эски техникаларга жабышып ушуларды эле алсакбы деп кетишет» — деп кошумчалады ал.

Булак: “Жумгал KG”