Домой Коом Жумгалда айыл өкмөттөр көмүр сатып алуу үчүн тендер жарыялашты

Жумгалда айыл өкмөттөр көмүр сатып алуу үчүн тендер жарыялашты

4

post-157-1357485650_thumbНарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Жаңы-Арык, Чаек, Байзак айыл өкмөттөрү кышкы көмүр отунун сатып алуу үчүн тендер жарыялашты.

Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөрдүн башкы эсепчилери билдирди деп кабарлайт аймактык кабарчы Мирбек Асаналиев.

Маалыматка карасак, Чаек айыл өкмөтү 843 тн, Жумгал айыл өкмөтү 455 тн, Жаңы-Арык айыл өкмөтү 464,8 тн, Байзак айыл өкмөтү 361 тн көмүр отунун сатып алуу үчүн КРнын мыйзамдарынын негизинде атайын алдын ала жарыялоо багытында тендер жарыялап бардык көмүр казган ишканалардын даректерине чакыруу баракчаларын жана каттарын таратып беришти.

Тендер 25-июль күнү Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында саат 10:00 өтөт.

Булак: “Жумгал KG”