Домой Коом Жумгалда билим берүү бөлүмүнүн бухгалтериясына 10 штатка кызматкерлер кабыл алынды

Жумгалда билим берүү бөлүмүнүн бухгалтериясына 10 штатка кызматкерлер кабыл алынды

1

Balancing the AccountsНарын облусунун Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнун бухгалтериясы 10 штаттык курамда түзүлүп кызматкерлер кабыл алынууда деп билдирет аталган бөлүмдүн башкы эсепчиси Жабудаева Динара «Жумгал KG» маалымат булагына.

Маалыматка карасак, бул жылдан баштап жалпы аймактардагы билим берүү тармагы борборлоштурулуп, айыл өкмөттөрдөгү мугалимдер эми эмгек акыларын август айынан баштап райондук билим берүү бөлүмү тарабынан алышат. Учурда райондук билим берүү бөлүмүнө 1 башкы эсепчи, 7 материалдык эсепчи, 1 экономист, 1 кассирлик оператор алынып иштеп башташкан.

2013-жылдын 6 айынан баштап билим берүү тармагы өзгөрүп жатат, кабыл алынган кызматкерлер 1 августан баштап иштерин алып барышат. «Райондогу бардык мектептердеги мугалимдердин эмгек акылары жана эсеп-кысап иштери мындан ары райондук билим берүү бөлүмүнүн бухгалтериясы тарабынан жүргүзүлөт» — дейт Д.Жабудаева.

Ал кошумчалагандай, райондук билим берүү бөлүмүнүн бухгалтериясынын эсеп-кысап иштери түзүмдүк системадагы «1С» программасына 2013-жылдын башында өткөрүлгөн.

http://www.jumgal.kg

Мирбек Асаналиев