Домой Коом Жумгалда биринчи жолу айылдык кеңештин депутаттары тарабынан аялдамалар курулууда

Жумгалда биринчи жолу айылдык кеңештин депутаттары тарабынан аялдамалар курулууда

2

IMG_7336Нарын облусунун Жумгал райнунун Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин депутаттарынын өздүк каражаттарынын эсебинен, айылга аялдамалар курулду.

Аталган айылда айылдык кеңеш 11 мандаттуу депутаттан турат, учурда айыл өкмөтү менен бирдикте айылда кызмат кылышууда. Айылда ушу кезге чейин аялдама курулбай келген. Жергиликтүү жашоочулардын суроо талабы менен айдоочулардын туруктуу унаа токтотуу жайы жок болуп келгендиктен, айылдык кеңештин депутаттары тарабынан 15 миң сомдук аялдама курулуп пайдаланууга берилди.

Биз элдин атынан элге кызмат кылабыз деп келген соң азда болсо да айылга бир салым кошуп турушубуз керек. Буюрса дагы алдыда көптөгөн пландарыбыз бар. Ушундай эле аялдамадан дагы курууну пландап жатабыз. «Айылдан чыккан инсандар, колунда бар адамдар демөөрчүлүк кылып колдоп беришсе, айылда дагы жакшы иштер аткарылат» — дейт айылдык кеңештин төрайымы Гулнара Калмаматова.