Домой Коом Жумгалда токойчулар күнү белгиленди

Жумгалда токойчулар күнү белгиленди

9

1

Нарын облусунун Жумгал районунда токойчулардын күнү белгиленди.

Жумгал райондук токой чарбасынын жалпы кызматкерлери жалпы токойчулардын күнүн белгилешти. Салтанаттуу мааракеге райондун аймагында иштеген жалпы токой кызматкерлери катышып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү колдоп турушту. Район башчысы өз куттуктоосун айтып токойчуларга ийгилик каалады.

Салтанаттуу белгиленген күндө райондук токойчулардын айрымдары сыйлоо баракчаларга татыса, айрымдары төш белгилер менен сыйланышты. Аталган токой башкармалыгында учурда 40 ашык кызматкер эмгшектенип келет. Арасынан пенсияга чыгып ардактуу эс алуудагыларга төш белгилер берилди.

«Жаратылыш биздин байлагыбыз, токойду сактайлы жана урматтайлы. Бүгүнкү токойчулар күнүңүздөр менен сиздерге бардык жакшылыктарды каалайм, дайым элдин керегине жарап жаратылышты коргоп жүрө бериңиздер» — деген каалоо тилегин билдирди Жумгал токой чарбасынын башчысы Бердибек Самудинов.

Айбат гезити №49