Домой Коом Жумгалда учурда 160 кытай жараны иштеп атса, кийин 600 жаран ишке тартылат

Жумгалда учурда 160 кытай жараны иштеп атса, кийин 600 жаран ишке тартылат

5

E4ABF9FF-D9BA-4CC2-B637-0034A629A174_mw1024_n_sУчурда Нарын облусунун Жумгал районунда Кытайдын “ТВЕА” энергетикалык корпорациясы тарабынан 163 кытай жараны бул райондун аймагынан өтө турган «Датка-Кемин» подстанцияларын жана электр линияларын куруу иштерине тартылып иштеп жатышат. Мындай маалымат Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынан алынды.

Аталган компания тарабынан келген Кытай жарандары учурда Жумгал районунун Ак-Татыр, Баш-Кууганды айылдарында жана тоо этектерде жашап келишет. «Датка-Кемин» подстанцияларын жана электр линиялары болуп 500 кВ чыңалуудагы электр тармактары тартылат.

Эске салсак, Жумгал районунун аймагына Кызарт айылынан, Сарыкамыш айылын көздөй, Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна чейин чыңалуу линиясы тартылат, жалпысынан болжолдуу 240 чакырым жерде иштер жүрөт.