Домой Коом Жумгалда «Улутум-Кыргыз» — атту кол өнөрчүлүк, уста чеберчилик көргөзмөсү болуп өттү (фоторепортаж)

Жумгалда «Улутум-Кыргыз» — атту кол өнөрчүлүк, уста чеберчилик көргөзмөсү болуп өттү (фоторепортаж)

20

1

Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылындагы №26 Орто кесиптик окуу жайынын студенттеринин колдорунан жасалган кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгү боюнча «Улутум-Кыргыз» — атту кол өнөрчүлүк, уста чеберчилик көргөзмөсү болуп өттү.

«Иштерман жылына» арналган бул көргөзмөдө аталган окуу жайынын студенттери өз колдорунан кол өнөрчүлүгүнөн жаралган ар түрдүү темадагы «Гобелен» илме, сайма, назик, кагаздан жана туздуу камырдан жана башка буюмдардан жасалган сувенирлер, тордомо жана башка эмгектери сунушталды.

Иш чаранын максаты – кол өнөрчүлүктү коомчулукка, жаштарга кеңири тааныштыруу, аны жаштар арасында жайылтуу менен сырттан келген коноктордун көңүлүн бурдуруу болгон.

«Биздин окуу жайдын студенттеринин колунан жасалган ар кыл багыттагы кол өнөрчүлүктөр дайым көрсөтмөгө коюлуп сырттан келген конокторго белеке берилип жана сатыка коюлуп келет. Бул иш чараны дайыма эле уюштуруп турабыз, биздин музейде кол өнөрчүлүк боюнча буюм тейимдердин саны абдан эле көп» — деди окуу жайдын жетекчиси Шаршенбек Сатыбаев.

     

Мирбек Асаналиев