Домой Коом Жумгалдагы Ыр-Кесе кароо сынагына чет элдик туристер катышты (фото)

Жумгалдагы Ыр-Кесе кароо сынагына чет элдик туристер катышты (фото)

9

IMG_6171Кечээ, 1-августа Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын Кара-Суу атындагы айылдын тургундары актриса Т.Турсунбаеванын 70 жылдыгына жана төкмө акын К.Акиевдин 130 жылдыгына арналган «Эл ичи таланттарга бай» аталыштагы «Ыр-кесе 2013» кароо сынагын өткөрүштү.

Ыр-кесе жобого ылайык «Иштерман» жылына карата май айынын башында башталган. Айыл ичиндеги таланттарды издейбиз ураанынын алдында бул күнү айыл тургундары өз өнөрлөрүн тартуулап, кыргыздын улуттук каада-салт, үрп-адаттарын чагылдырышып, тушоо кесүү салтын арткарышып, куудулдук өнөр тартуулашып, ыр-бий менен өз таланттарын көрсөтүштү.

Ыр-Кесе учурунда биринчи жолу Жумгал районунда чет элдик жарандар майрамдык кечеге күбө болушуп, кыргыз дасторконунан даам сызышып, сүрөткө түшүп күбө болушту.
Күндүн жаап жатышына карабай 300-ашык чогулган айыл тургундары катышып, айыл аймагынын тургундары өз өнөрлөрүн тартуулашты, акырында жыйынтык чыгарылып айыл өкмөтү тарабынан жеңүүчүлөргө сыйлоо баракчалары жана акчалайсыйлыктар берилди.

Бул күнү айылда ыр-кесенин жалпы жыйынтыгы чыгарылып жыйынтыгында «Калык Акиев округу 1-орунга, «Кара-Суу» округу 2-орунга, «Кантор» округу 3-орунга келсе «Майда-Дөбө» округу 4-орунду алды. Ыр-кесе сынагынын жыйынтыгы менен эми айыл тургундары районго чыгууга даярданып жатышат.

DCIM100MEDIA IMG_6169

Мирбек Асаналиев