Домой Коом Жумгалдын Байзак айылы өлкө боюнча боло турган «Мыкты айыл өкмөтү» кароо сынагына...

Жумгалдын Байзак айылы өлкө боюнча боло турган «Мыкты айыл өкмөтү» кароо сынагына катышат

3

1366801104_70486700Нарын облусунун Жумгал районунан өткөн жылы облустун «Мыкты айыл өкмөтү» кароо сынагынын жеңүүчүсү болгон Байзак айыл аймагы бул жылы өлкө боюнча боло турган «Мыкты айыл өкмөтү» кароо сынагына катышат.

Учурда айылда жакшы иштер аткарылып, күздө боло турган республикалык кароо сынака катышууга даярдыктар көрүлүп келет. Айылда эскилиги жеткен имараттар кайрадан оңдоп түзөлүп, чакан ишканаларга пайдаланууга берилсе. Коомдук жайларга жергиликтүү бийлик, айыл тургундары тартылып колдоп, кызматташып келишет.

«Учурда айылда бардык иштер жакшы аткарылып келет. Айыл 4 аймактан тургандыктан айыл ичиндеги ички жолдор толук оңдолуп бүтсө, таза-сууга жетпеген көчөлөр толук кандуу таза-суу менен камсыз болушту. Алдыда дагы көптөгөн ишканалар ачылат» — дейт А.Сапаров.