Домой Коом Жумгалдын Чаек айылына ӨКМ тарабынан коллектордук дренаждык түйүндөр курулду

Жумгалдын Чаек айылына ӨКМ тарабынан коллектордук дренаждык түйүндөр курулду

3

Фото-0829Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында КРнин ӨКМнин атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш чараларынын 2013-жылга түзүлгөн планына ылайык Чет-Кууганды сайынын 1100 метр аралыгын тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМнин Жумгал району боюнча бөлүмүнүн башчысы лейтенант Элдияр Турсунакунов билдирди деп кабарлайт аймактык кабарчыбыз Мирбек Асаналиев.

Маалыматка карасак, жазалып жаткан иштерге ӨКМнин 1 даана ЭО — 5126 маркасындагы экскаватору тартылган. Аткарылган жумуштун көлөмү 3600 м/кубту түзүп, иш толугу менен аткарылган. Мындан сырткары М.Рыскулов жана Т.Акматалиев көчөлөрүндө жер алдындагы суунун деңгээлин төмөндөтүү максатында коллектордук дренаждык түйүндөр курулган.

«Азыркы учурда Ак-Татыр аймагында да коллектордук дренаждык  түйүн курулууда» — дейт Э.Турсунакунов.