Домой Коом Жумгалдын Миң-Куш шаарчасына Нарын облустук өнүктүрүү фондунан 640 миң сом бөлүнөт

Жумгалдын Миң-Куш шаарчасына Нарын облустук өнүктүрүү фондунан 640 миң сом бөлүнөт

6

minkush2mНарын облусунун Жумгал районундагы каралбай калган Миң-Куш шаарчасына Нарын облустук өкүлчүлүгүнүн өнүктүрүү фондусу тарабынан 640 миң сом каражат бөлүнөт. Бул туурасында Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Адылгазы Исагулов Миң-Куш шаарчасынын жергиликтүү тургундары менен жолугушканда билдирди.

Маалыматка карасак, өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К.Муратбеков Миң-Куш шаарчасынын тургундарынын социалдык абалын, жумушсуздук маселесин жана орчундуу жагдайларын эске алып, облустук фондунан каражат карап берерин убада кылган.

Карала турган каражатка учурда Миң-Куш айыл өкмөтү тарабынан, айыл тургундары тоок багууну өркүндөтүү жана кичи чакан ишканаларды ачууну пландап жумуш орундарын түзүүнү ойлондуруп жатышат.