Домой Коом Жумушсуздардын көбү Ош облусунда жана Бишкекте катталган

Жумушсуздардын көбү Ош облусунда жана Бишкекте катталган

2

безУчурда Кыргызстанда жумушсуздардын саны 212 миңге жетет. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Аида Ажиходжаева билдирди.

Анын айтымында, расмий маалыматтарга ылайык жумушсуздардын басымдуу бөлүгү Ош облусунда жана Бишкекте басымдуу кылат.

“Жумушсуз жүргөндөрдүн орточо жаш өзгөчөлүктөрү 20дан 39 жашка чейинкилер. Жумушсуз жүргөн адамдардын саны Ошто – 42 миң. Бишкекте- 40 миң. Баткен облусунда – 20 миң болсо, Жалал-Абад жана Чүйдө- 39 миң. Алардын арасынан жогорку билимдүүлөрдүн саны 28 миң, бүтпөгөн жогорку билимдүүлөр 12 миң, ал эми орто билимдүүлөр 109,9 миң”, – дейт Ажиходжаева.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227989