Домой Коом Журналист адам өмүрүнө коркунуч жаратса дагы мыйзам алдында жооп бербеши керекпи?

Журналист адам өмүрүнө коркунуч жаратса дагы мыйзам алдында жооп бербеши керекпи?

2

Аслан Сарбаев«Азия Ньюс» гезитинин баш редактору Аслан Сартбаевдин 2 айга абакка камалышы оппозициячыл маанайдагы саясатчыларды, журналисттерди жана батыштын сөзүн сүйлөгөн «жаңы муунчуларды» чууга салып туру. Мисалга кече маалымат борборлорунун биринде «Жаңы муун» кыймылынын мүчөлөрү тегерек столдун четине топтолушуп, Сартбаевдин камалышына бийликти күнөөлөп, сөз эркиндигине карата жасалган кысым катары сыпаттап жиберишти. Бул жерде кайдагы кысым тууралуу айтууга болот? Иштин төркүнү таптакыр башка нукта болуп жатпайбы? Тилекке каршы аны ойлогон эч ким жок. Көрүнгөндү сындап жазам деп коркутуп, акча таап көнгөн Аслан Сартбаев бу сапар өзүнүн эле досу болуп жүргөн жеке ишкер Самсаалы Четимбаевдин чыкыйына травматикалык тапанчасын такап коркутуп атып, байкабай атып алганын өзү деле мойнуна алды. Дагы жакшы, ок Самсаалы мырзага эмес, алар отурган авто машиненин арткы орундугуна тийген экен. Эгерде тапанчанын огу чындап эле Самсаалы мырзанын чыкыйына тийгенде эмне болмок? Бул деген адам өмүрүнө коркунуч туудуруу болуп жатпайбы? Же жалганбы? Анан муну сөз эркиндиги менен байланыштыруу канчалык логикага сыят? Же журналисттер үчүн адам өмүрүнө коркунуч туудурса деле, мыйзам иштебеши керекпи?..

Айбат гезити №118