Домой Саясат “Жуукудан” чыккан чыр

“Жуукудан” чыккан чыр

2

Жети-ӨгүзЖеңиш Жаркынбаев аттуу Жети-Өгүз районунда адам бар. Нарис Калчаев менен чогуу “Кумтөргө” каршы митингдерди уюштуруп жүрөт. Анын “Кумтөрдүн” “душманына” айланышынын себеби мындай: өзүнүн “Жууку” эс алуу борборун өнүктүрүү максатында канадалык инвесторлорго жардам сурап кайрылса, алар: “Биз мындай долбоорлорду каржылабайбыз” дегендей баш тартышыптыр. Ошондон бери “Кумтөргө” каршы “оюнун” токтотпой келет. Канадалыктардан 3 млн. доллар доолаган Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановду дагы Жаркынбаев көкүткөн деген кеп бар. Ошол айыбын сезиппи, айтор, абактагы эки “баатырды” бошотуу талабын койгон акцияларды уюштура баштады. Кызык, акча бербей койсо эле “Кумтөрдү” улутташтырыш керек, канадалыктар кетсин!” деп чыр сала бергидей алтын кени Жеңиштин жеке менчиги беле?

Айбат гезити №48