Домой Коом Жыл башынан бери Кыргызстанда 80 адам сууга чөккөн

Жыл башынан бери Кыргызстанда 80 адам сууга чөккөн

3

871045911
2013-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын көлмө менен каналдарында 80 адам сууга чөккөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Чүй облусунда 27 адам, Нарында – 4, Таласта – 3, Ысык-Көлдө – 12, Жалал-Абадда – 9, Баткенде – 5, Ошто – 9 жана Ош шаарында – 5 адам, Бишкек шаарында – 6 адам сууга чөгүп каза бологон.

“Күн жылып, сууга түшүү сезонунун башталышынан бери 66 адам, анын ичинен 21 бала чөккөн”, – деп ӨКМден билдиришти.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/229286