Домой Саясат Жылдызкан Жолдошева Түлеевдин мэрлигин жылуу сөз менен эскерди

Жылдызкан Жолдошева Түлеевдин мэрлигин жылуу сөз менен эскерди

1

Жолдошева Жылдызхан

“Шаардын азыркы акыбалын көрүп, экс-мэр Нариман Түлеев эске түшөт”, – деп бүгүн, 18-июлда экс-мэрдин иши боюнча сот жыйыны учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Жылдызкан Жолдошева айтты.

Анын пикири боюнча Нариман Түлеев Бишкектин тарыхындагы эң мыкты мэр эле. Экс-мэр менен кошо соттолуп жаткан башка айыпталуучулар тууралуу дагы жакшы гана пикир айта тургандыгын кошумчалады.

Парламентарий, сотко жактоонун бардык аргументтерин эске алып, айыпталып жаткандардын бардыгын актоону сунуштады.

Эске салсак, 2012-жылдын 29-октябрында “Ата-Журт” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевге жана мэриянын бир катар чиновниктерине карата Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227595