Домой Коом Жылдызкан Жолдошеванын “женская” логикасы

Жылдызкан Жолдошеванын “женская” логикасы

4

Жылдызкан ЖолдошеваДепутат Жылдызкан Жолдошева («Ата-Журт»), Кыргызстандагы жарнамалар максимум 3 тилде гана илиниши керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал 11-мартта парламенттин отурумунда билдирди.

Жогорку Кеңеш жарнама жөнүндөгү мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүнү кароодогу талкуунун жүрүшүндө депутат Жолдошева көп тилдүү жарнамаларга нааразычылык билдирди. “Эгер биздин Конституцияда негизги эки тил жазылса — мамлекеттик жана расмий, анда жарнама дагы ушул эки тилде болушу керек. Максимум 3-чү англис  тилинде. Аэропорттон келе жатканда карагылачы, ал жакта жарнамалар көп тилде илинип турат”, – деди депутат.

Ал эми аэропорттон келе жаткан кыргыз, орус жана англис тилин билбеген, башка конокторду эске алган жарнама гуруларынын логикасын түшүнбөй жатабы? Андан көрө Жылдызкан айым: “Кыргызстанда жарнама сөзсүз жана минимум 3 тилде жазылышы керек!” – десе туура болмок го. Себеби Кыргызстан кереметтүү жер жана социалдык, экономикалык жана соодалык жактан өнүгүшү үчүн, биз, келген туристтерди, инвесторлорду жана жөнөкөй конокторду максималдуу жогорку, дүйнөлүк деңгээлдеги сервис менен тозуп алышыбыз керек! Анткени, орусча айтмакчы – “Реклама – двигатель торговли”.

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №119