Домой Маек Жыпар Жекшеев: “Мамлекет катары президент, мамлекеттүүлүк үчүн биринчи тынчсызданыпатат”

Жыпар Жекшеев: “Мамлекет катары президент, мамлекеттүүлүк үчүн биринчи тынчсызданыпатат”

11

Жекшеев Жыпар– Жыпар мырза, президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылды мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп атады. Буга кандай пикирдесиз?

– Бул учурдун эң керектүү иш-чарасы деп эсептейм. Себеби мамлекеттүүлүгүбүзгө шек келтирүү коркунучтары болуп атат. Коопсуздук жактан болобу, аймактык болобу, сырткы да, ички да душмандар чабуулга өтүп жаткандай шек туулбай койбойт. Андыктан парламентти жана өкмөттү ушул иш-чараны өткөрүүгө милдеттендирип атат. Президентибиз мамлекеттин башчысы катары мамлекеттүүлүгүбүз үчүн биринчи тынчсызданууда. Себеби азыркы тапта биздин коопсуздугубузга гана эмес, мамлекеттүүлүгүбүзгө да коркунуч туулуп жатат. Андыктан бул саамалыкты жөн эле декларация катары кабыл албай, атайын система түзүп алып иштеш керек.

– Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн эң биринчи чара эмне болушу керек?

– Эң биринчи чара укуктук базаны карап чыгып, кандай кемчилдиктери бар болсо, оңдош керек. Экинчиден, ушул буйруктун негизинде өкмөт, өткөзө турган иш-чараларын түзүп чыгышы керек. Жоболорду иштеп чыгуу да зарыл. Эң негизгиси мына ушул демилгени жарандык коом да колдоого алышы зарыл.

Айбат гезити №63