Домой Коом К.Муратбеков эртең Жумгал районундагы көмүр ишканалардын кышка даярдыгын текшерет

К.Муратбеков эртең Жумгал районундагы көмүр ишканалардын кышка даярдыгын текшерет

5

1366277269_19-face-big-rusКРнын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков кышка даярдык боюнча эртең 18-июлда Жумгал районуна келип, аймактарда көмүр казып өндүрүп жатышкан ишканалардын өкүлдөрү менен жеринен таанышат.

Бул туурасында «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалынын жетекчиси Белек Саманчиев, аймактык кабарчыбыз Мирбек Асаналиевге билдирген.

Маалыматка карасак, дубан башчысынын иш сапары Жумгал районунун Кара-Кече жайлоосундагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы, Токсон-Теке аймагындагы «Шарбон» ЖАК ишканасы, «Ак-Жол» көмүр ишканасы жана Кабак, Миң-Куш аймактарындагы көмүр казган ишканалардын кышкы көмүр өндүрүмүнө даярдыгын көрүү туурасында болгон.

Эске салсак: Жумгал району боюнча быйыл 600 миң тонна көмүр отуну өндүрүлө турганы болжолдонууда.