Домой Ден-соолук Каалагандай тамактанып, бирок арыктоого мүмкүндүк берчү диета барбы?

Каалагандай тамактанып, бирок арыктоого мүмкүндүк берчү диета барбы?

7

Бул диета эки жумада 8-12 килограммга арыктоого мүмкүндүк берет.

Диетага суу нормасы

Бул диета эки аптада 8-12 килограммга арыктоого шарт түзөрүн диетологдор белгилешүүдө. Аны кармоодогу жалгыз талап кылынган шарт-тамак ичээрдин алдында эки стакан суу ичүү жана андан кийин эки саатка чейин эч кандай суюктук ичпей туруу.

Анын мааниси абдан эле жөнөкөй. Ар бир тамак ичэрдин алдында сиз 2 стакан суу ичишиңиз керек, андан аз эмес же көп эмес. Ушундан соң 15-20 минут өткөндөн кийин тамак ичүүгө киришсеңиз болот. Бирок тамактанып жаткан учурунда жана андан кийинки 2 сааттан кийин эч кандай суюктук ичүүгө болбойт. Эки сааттан соң өзүңүздүн сүйүктүү чайыңызды же кофеңизди ичүүгө, таттуу токочту жегенге уруксат берилет.

Бул диетаны кармагандарга күн сайын төмөнкүдөй меню сунушталышы керек:

Эртең мененки тамак: 2 стакан суу. Көңүлүңүзгө жаккан даам менен суюктук ичпей тамактануу. Тамактан кийин эки саат өткөнгө чейин суусундук ичүүгө тыюу салынат.

Түшкү тамак: 2 стакан суу ичесиз. Менюга эч кандай чектөө жок. Болгону тамактанып жатканда жана андан кийинки 2 саат аралыгында суусундук ичилбейт.

Кечки тамак: 1 стакан суу ичесиз. Кааласаңыз 2 стакан суу ичсе болот жана 20 мүнөттөн соң каалаган тамагыңызды жесеңиз болот. Андан соң эки саатка чейин суюктук ичпейсиз.

Булак: Кабар Ордо

Айбат гезити №124