Домой Дин Кадыр Маликов: “Ислам мамлекети» Кыргызстанга да коркунуч жаратуусу мүмкүн”

Кадыр Маликов: “Ислам мамлекети» Кыргызстанга да коркунуч жаратуусу мүмкүн”

4

Кадыр МаликовДин жана укук борборунун директору Кадыр Маликов 24-сентябрда өткөргөн маалымат жыйынында дүйнөнү дүңгүрөткөн радикалдык «Ислам мамлекети» кыймылынын коркунучу тууралуу пикирин билдирди. Анын айтымында, ислам дини боюнча эксперттер Жакынкы Чыгышта туруксуздук жайылып баратканын байкашкан. «Бул дагы «Ислам мамлекетинин» согушчандарынын Кыргызстанга келүү коркунучун жаратат. Аталган кыймылдын ислам менен жалпылыгы жок. Акыркы 2-3 айда Сирия жана Иракта 6500 адам өлтүрүлдү» деди К.Маликов.

Сөзүн андан ары улаган эксперт «Ислам мамлекетинин» баш кесерлеринин карааны Ооганстан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн чек арасында байкалып жатыптыр. Мындан улам, Кыргызстанда дестабилдешүү башталышы ыктымалдыгын айткан Кадыр мырза, жакынкы жылдары Фергана өрөөнү да мындай көрүнүшкө тушугу ыктымалдыгын эскертет.

К.Маликов бекеринен минтип коңгуроо кагып жатпагандыр. Андыктан саясатчылар амбициясын жыйыштырып, саясый оюндарын токтотуп, мамлекетибиздин бүтүндүгүн ойлонушу абзел. Ошол эле маалда тийиштүү органдар буларды иликтеп, алдын алуу чараларын көрүшү керек.

Айбат гезити №97