Домой Саясат Кадыров менен Жээнбеков Жети-Өгүз райадминисрациясын «басып» алууну көздөп жатабы?

Кадыров менен Жээнбеков Жети-Өгүз райадминисрациясын «басып» алууну көздөп жатабы?

5

Жети-ӨгүзБирде Украинага каттап, АКШ сенаторуна жолугуп, бирде АКШ элчилигиндеги кызматкерлерди кабинетинде кабыл алып, бирде Саруу айылына «чабагандаган» Равшан Жээнбеков бийликке жетиш үчүн радикалдуу кадамдарга баруудан да кайра тартпай калгандай. Ал «тандемдеши» Кубанычбек Кадыров менен жолугушканда ага Саруу айылында үлкөн митинг уюштуруп, Жети-Өгүз райадминистрациясын басып алууну сунуштаганы айтылууда? Ошондой эле укук коргоо органдары тарабынан Саруудагы айрым адамдарга күч колдонулган деген имишти көбүрөөк таратып, элдин башын айландыруу аракетин көрүп жүрөт имиш.

Ошол эле Р.Жээнбеков «Акыйкат» партиясынын төрагасы Аликбек Жекшенкуловго кезигип, ага жазында «шоуларды» баштарын айтыптыр. Нааразычылык акцияларында «Кумтөр», «Жерүй», «Кыргызгаз», чек ара маселелерин көтөрүп, коомчулукту бийликти басып алууга чакырууну ниеттенгени кандай? «Саяк жүрсөң таяк жейсиң» дечү эле, Равшан Бабырбекович көп эле дерделеңдей бербей, кичине тизгинин тарта жүрсө дурус болмок.

Айбат гезити №64