Домой Саясат Кадыровго учкашсаң оңбойсун!

Кадыровго учкашсаң оңбойсун!

5

Кадыров Кубанычбек Балыкчы шаарынын экс-мэри М.Бообеков өзүнө карата козголгон кылмыш ишинен кутулуштун айласын таппай туру. Бул максатта «Чындык» партиясынын лидери Кубанычбек Кадыровго жолугуп, оппозицияга кошулуу ниетин кыйытыптыр. Мына кызык тамаша! «Жеп-ичкенин» үчүн жоопкерчиликке тартабыз десе эле аркы жээкке секире беришсе, деги демаралда «соо» адам калабы? Же кечээги коррупционер-чиновниктер бүгүн оппозиционер болгонду модага айландырып алыштыбы?

«Кидальщик» Кадыров саясатчы болгондон көрө карызды кайтарбайбы?

Ар кыл тоонун башын чапчып сүйлөгөн Кубанычбек Кадыров былтыр 5-майда Ринат Тимуров аттуу жарандан 20 миң доллар карыз алып, аны 1-октябрга чейин кайтарып берүү тууралуу тил кат жазып бериптир. Бирок, ошондон бери карызды кайтарбай, качып жүргөнү тастыкталды. Кубанычбек оппозиционер терисин жамынып, элдин мээсин тегереткенден көрө чыныгы жигиттигин далилдеп алган акчасын кайтарса жакшы болмок. Карызынан кутула албай жатып оппозиционер болгонду ким коюптур десең?

Айбат гезити №67