Домой Саясат Кадыржан Батыровдун “кан досу” Бектур Асанов шайлоого аттанды

Кадыржан Батыровдун “кан досу” Бектур Асанов шайлоого аттанды

4

Бектур АсановЭзелтен ынтымакта жашаган эки бир тууган кыргыз-өзбек элдеринин ортосуна от жагып, жүздөгөн бейкүнөө адамдардын канына забын болгон Кадыржан Батыровдун “кан досу” Бектур Асанов «Эгемен Кыргызстан» аттуу партиясын «токунуп» минип, жанына «ат кошчу» катары БОКчулардын кагаз ташыгычы Кубанычбек Кадыровду ээрчитип алып шайлоого карай аттанды. Тизменин алдыңкы сабында калың элге таанымал болгон ушул экөөнөн башка эч ким жок. Бул экөө дагы коомчулукка жакшы жагынан эмес, жалаң ызы-чуулуу окуялардын артынан кулактарын чыгарып атып таанылышкан. Баскан жерлеринен «чөп чыкпайт». Шайлоого карата көтөргөн «ураандары» – «Ар бир үйдө «кагаз» болсун! Аны кагаз ташыгыч Кубанычбек Кадыров ар бириңердин дааратканаңарга өзү жеткирип берет» деген «күчтүү» кыйкырык экен. «Дааратканаңарга дайыма кагаз ташып барып турам» дегендей жанында мурдун теңирейте Кубанычбек мырза Бектур мырзанын салмагын «бөлүшүп» колтугунан сүйөп туру. Не дейт элек? «Ийгилик» каалайбыз!

Ошентсе да, бир маанилүү жагдайды айта кетели. Булар “КСДПсыз парламент” ураанын таштап атышпайбы күйдүрүп. Парламенттик башкаруу системасынын жолго түшүшүнө, өлкөдөгү кырдаалдын турукташышына, ири энергетикалык, экономикалык долбоорлордун жүзөгө ашышына социал-демократчылардын салымы зор. Эгер КСДП болбосо азыркы парламент аягына чейин иштебейт эле. Жалаң ызы-чуунун үстүндө жүрмөкпүз. Андыктан, ураан таштаардан мурда кичине өздөрүн күзгүдөн карап коюшса болмок экен.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №142