Домой Саясат Кайрадан жол тосмойлор, облимараттарды басып алмай…

Кайрадан жол тосмойлор, облимараттарды басып алмай…

12

жол тосмойЧыңгызханчасынан 20 “желдети” менен Ак үйдү ала коймокчумун деп кутулбас куяга калган “ата журтчу” Камчыбек Ташиев жана анын партиялаштары Садыр Жапаров, Талант Мамытовдун иши Жогорку Сотко өткөнү жүрөктөрү дүкү-дүк. Бизге жеткен маалыматка караганда, үч “мушкетер” Жогорку Соттон соо чыкпасын түшүнүшүп, эмитеден даярдык көрүп жатышыптыр. Ал үчүн, 23-июлга белгиленген сот отуруму маалында адатынча ОБОНчу аялдарды, “бөдөнөнүн сүтүнөн” ичип алган “азаматтарды” каз катар тиздирип, “боштондук!” обонун созолонттурушары чынбы? Эгер Жогорку Сот депутаттардын күнөөлөрүн далилдеп, эркинен ажыратчу болсо, Ош-Бишкек жолун тосуу, Жалал-Абад менен Караколдогу мамлекеттик имараттарды басып алуу сыяктуу радикалдуу кадамдарды пландап жатышыптыр дейт. “Колу менен кылганын мойну менен тартып”, жигитче тургандын ордуна минтип санаалаштарын көкүтүп, ОБОНчулардын этегине жашырынганы бараандуу саясатчыларга таандык сапатбы?

Айбат гезити