Домой Маек Кайрат Осмоналиев: “Өзбекстан газ бербей бизге карата сыйлабастык мамилесин көрсөтүп коюуда”

Кайрат Осмоналиев: “Өзбекстан газ бербей бизге карата сыйлабастык мамилесин көрсөтүп коюуда”

4

Осмноналиев Кайрат– Кайрат мырза, өлкөнүн түштүк аймагына Өзбекстан газ берүүнү токтотуп койгону маселе жаратууда. Бул багытта президент Алмазбек Атамбаев «Ишенимсиз газ жеткирүүлөрдөн кол үзүп туура кылып жатканыбызды дагы бир жолу көрдүк» деп билдирди. Сиздин оюңуз кандай?

– Юрист катары айта турган болсом, газ жеткирүүчүлөр менен газ алуучулардын ортосунда келишим болот. Мына ошол келишимде бардык укуктар, шарттар көрсөтүлөт. Эгерде ошол келишимдеги шарттар бузулуп жатса, анда аны эл аралык соттор аркылуу чечип алса болот. Экинчи жагынан алып караганда, тура, бул жерде кандайдыр бир саясый жагдайлар да түзүлүп калууда. Өзбекстан да, Тажикстан да бизге карата кыйыр түрдө сыйлабастык мамилелерин көрсөтүп коюуда. Президент бул жагын туура эле айтты.

– «Биз менен чек ара маселеси бар өлкөлөрдөн кандайдыр бир жагдай боюнча көз каранды болбошубуз керек. Андыктан келечекте мамлекетибиз утуп чыгышы үчүн кээде бир нече ай чыдап коюшубуз керек. Бул принципиалдуу маселе» дейт Атамбаев. Буга кандай карайсыз?

– Бардык коңшу мамлекеттер менен достук, кызматташтык мамиледе болуш керек. Бирок, чек ара маселесинде сөзсүз түрдө принципиалдуу болуу зарыл. Ал эми газ маселесин буйруса жакын арада «Газпром» толугу менен чечет. Андыктан президент бул жагынан да туура эле айтты.

Айбат гезити №79