Домой Саясат Калмурзаевдин катачылыгыбы же кемчилигиби?

Калмурзаевдин катачылыгыбы же кемчилигиби?

4

Бакыт КалмурзаевАкыркы учурларда Бакыт Калмурзаев деген эрен жөнүндө гезиттерге байма-бай чыгып жатканы баарыбызга маалым. 2006-жылдары Жалал-Абаддын прокурору болуп кычырап турганда кызмат абалынан пайдаланып бир топ “эркекчилик” иштерди жасаганы жакында белгилүү болду. Жалал-Абадда прокурор болуп иштеп атып кылмыш кылган “кызылдардын крышасы” атагып, милиция кызматкерлеринин адвокатына айланган. Мына ошол жылы Н. Турдиева аттуу кызды милиция кызматкери кош бойлуу болгонуна карабастап ур-тепкиге алган эле. Укук коргоо кызматкеринин мындай кылыгына нааразы болгон Наргиза айым арызын жазып Бакыт мырзадан адилет чечим күтүп кайрылган эле. Анын арызын карап койбостон, милициянын кызматкерине кылмыш козгоодон баш тарткан. Андан дагы кызыгы ошол кездеги акыйкатчы Турсунбай Бакир  уулу Бакыт мырзага “Адам укугун коргогондугу үчүн” атайын грамота менен сыйлайт. Албетте, бул жерде дагы баягы эле кара капчыктын айынан кош бойлуу аялдын маселеси да милиция кызматкеринин кызыкчылыгына  чечилген. Бул жакта Бакыт Калмурзаев Магеевден тыйын-тыпыр алганы сокур кишиге да айдан ачык белгилүү болбодубу. Эми бул бери эле жагы. Ары жагында дагы канча кылыктары жана былыктары болду экен. Айта турган сөзү болсо аны да угалы.

Айбат гезити №89