Домой Саясат Камчыбек Ташиев Оштогу митингде кайрадан бул бийликти кетирүүгө чакырды

Камчыбек Ташиев Оштогу митингде кайрадан бул бийликти кетирүүгө чакырды

2

камчыбек ташиевБылтыр 3-октябрда кадимки Чыңгызханды мисал келтирип, 20 «баласы» менен Ак үйдү басып алам деген Камчыбек Ташиев 9 ай УКМК абагына жатып чыкты. Ал Бишкек шаардык сотунун коллегиясынын өкүмүнүн негизинде темир тордон бошотулуп, чоң балээден кутулду. Алдыда Жогорку соттун чечими турганын эсинен чыгардыбы же калдайган жактоочуларынын карааны дем бердиби, 23-июнда Оштун борбордук аянтында кайрадан бийликти басып алуу чакырыгын таштады.

Эртеңки күнү адатынча танып чыкпасы үчүн Камчыкенин айбаттуу кебин сөзмө-сөз келтирели: «Эгерде бүгүнкү мамлекеттин жетекчилери эсине келбесе, анда биз аларды «кет, бийлик» деп айтышыбыз керек, туугандар. Анда биз сиздерге кайрылабыз, анда биз сиздерге ишенебиз жана сиздер менен бирге биз мындай бийликти кетирип тынабыз, туугандар».

УКМК абагындагы тогуз айлык жашоо Ташиевге сабак болбогонбу же дагы бир билгени барбы?

Булак: “Жаңы Агым”.