Домой Саясат Кан күйүп атса «чартанбай» тепкен Мырзакматов

Кан күйүп атса «чартанбай» тепкен Мырзакматов

3

Мырзакматов МелисБыйыл июнь коогалаңына беш жыл толот. Экинчи мындай каргашалуу окуя кайталанбасын жараткандан тилейли. Ошентсе да, бир кызык окуяны айта кетпесек болбос. Ошол капсалаңда, тагыраагы, 2010-жылдын 12-июнунда а кездеги мэр Мелисбек Мырзакматов кайсы бир милиционердин туулган күнүндө «чартанбай» тепкени эми ачыкка чыкты. Өзүн бул окуяда башкы каарман көрсөтүп, элдин ынтымагын сактаган, каргашаны баскан «баатыр» кылып көрсөткөн Мелисбек Жоошбаевичтин бул кылыгына эмне дээриңди билбейсиң. Же эл арасында айтылып жүргөндөй, М.Мырзакматов июнь коогалаңында кара башынын амандыгын ойлоп Ош шаарынан качып, ушинтип тойлоп жүргөнү чын белем?

Айбат гезити №129