Домой Саясат Каназаров кимге иштеп жатат?

Каназаров кимге иштеп жатат?

9

Султан КаназаровМурдараак «Азаттык» үналгысынын Бишкектеги деректири Султан Каназаровдун «Республика-Ата журт» партиясына кирип, депутат болуу аракети бар экенин айрым гезиттер жазып чыккан болчу. Андан кийин ал аталган партияга кызмат кылууга жазмакерлерден команда топтоп жатканын да кулагыбыз чалган.   Шайлоого аз калганда, бул даана байкалууда. Айталы, учурда Султан колундагы АКШ каржылаган маалымат ресурсун так ошол партиянын пайдасына буруп, башка партияларга карата бир беткей маалыматтарды тарката баштады.

Мисалы, жуманын башында Таласта «Кыргызстан» партиясынын эл менен жолугушуусунан кийин ырчы Омардын өзүнүн кайсы бир каржылык чыры менен кармалышын «Азаттык» мамлекеттик деңгээлге алып чыгып чуулдатып, аталган партияны атына басым жасап туруп алганын бүт журт укту. Мындай партиялык макала дардаган журналисттерге да “баракелде”.

Демек, Султан баатыр маалыматтык жагынан шефи Өмүрбек Бабановго катуу кызмат кылып, анын көңүлүн алып жатат десек жаңылышпайбызбы? Бул жол менен кете берсе «Азаттык» менен “НТСти” аз күндө айырмалай албай калат окшойбуз.

Айбат гезити №139