Домой Саясат Канкор Бакиев китеп жазгандын балекетин алабы?!

Канкор Бакиев китеп жазгандын балекетин алабы?!

13

Курманбек БакиевӨз элинен куулган, учурда Минскиде бөгүп жаткан канкор президент Курманбек Бакиев “Боль, любовь и надежда: Мой Кыргызстан” аттуу китебинин бет ачарын өткөрө турганы кабарланды. Минскте жөн жатпай өзүнүн арманын кагазга түшүргөн го сыягы. Бирок, КурСалиевич  китеп жазып, ойду-тоону сүйлөгөнчө элден кечирим сурап, күнөөсүн бир аз болсо да жеңилдете берсе болмок. Анын китебин жакындары да окубашы бештен белгилүү. Өз элине ок чыгарган Бакиевдин “жөө жомогуна” акыл-эси жайында адамдар ишенбеши аштан бышык. Эгер иниси Жаныш Бакиевдин Медет Садыркулов баштаган үч адамды кантип өлтүргөнү, кыргыздын тыңчыкма уулдары кантип жок кылынганы, уулу Максим Бакиев менен Марат Бакиевдин Кыргызстандын, кыргыз элинин байлыгын талап-тоногону, инилеринин өзүмбилем саясаты, үй-бүлө ичиндеги чатактары тууралуу жазганда элдин баары тытып окумак. Бирок, Бакиев китебине өзүн жана жакындарын мактап, актануу үчүн эле жазат  эмеспи. Канткен күндө да, миң томдуу китеп жазса да Бакиевдер кыргыздардын жүрөгүндө канкор, кан ичкич президент катары кала берет.

Айбат гезити №151 (23.10.2015)