Домой Саясат Каныбек Осмоналиев: Медреселердин окуу пландары бири-бирине карама-каршы

Каныбек Осмоналиев: Медреселердин окуу пландары бири-бирине карама-каршы

2

 

каныбек осАйрым медреселер стандарттарга туура келбеши билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында айтылды.

Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиевдин айтымында, медреселердин окуу пландары бири-бирине карама-каршы келип, ар түрдүү көйгөй жаратат.

Билим берүү министринин орунбасары Догдуркүл Кендирбаева диний билим берүүчү окуу жайларына кандай талаптар туура келет деген суроо узатты. Бул талаптар светтик билим берүүнүн талаптарына да жооп бериши керек.

«Ал талаптарды Билим берүү министрлиги менен дин иштери боюнча мамагенттиги иштеп чыгат. Албетте, баардык көйгөйлөрдү бир заматта чечип салбайбыз, бара-бара, шашпай иштешибиз керек», – деди Каныбек Осмоналиев.