Домой Коом Каптагаев Кара-Колдун жаңы конуштарын жарык менен камсыздоого убада берди

Каптагаев Кара-Колдун жаңы конуштарын жарык менен камсыздоого убада берди

5

каптагаевӨкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев Кара-Кол шаарындагы жаңы конуштарды электр менен камсыздоого убада берди. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлү Каракол шаарынын аэропорт аймагындагы жаңы конуштун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.

Каптагаев сөзүн кыш түшкөнгө чейин аткарууга ниеттенип атат. Ал керектүү чара көрүү үчүн тийиштүү аткаминерлерге жана Караколдун мэрине тапшырма берди.

Аталган жаңы конуштун тургундарын электр энергиясы менен камсыздоо үчүн электр зымдарын тартып келип, көмөк чордондорду орнотуу зарыл. Аталган иштерди аткаруу үчүн 1 млн 250 миң сом керек. Аталган сумма Каракол шаарынын бюджетинен каралат.

Жаңы конушта азыр 20 үй-бүлө жашап атат. Дагы жаңы үйлөр салынууда.