Домой Коом Кара-Бууранын тургундары Казакстанга кетчү сууну бууп салууну улантууда

Кара-Бууранын тургундары Казакстанга кетчү сууну бууп салууну улантууда

7

Токон МамытовКазакстанга суу бербей жаткан Кара-Буура районунун тургундары тез-тезден эле талаптарын өзгөртүп жатат. Мындай маалыматты бүгүн, 12-июлда өкмөттө өткөн маалымат жыйынында вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди.

“Алгач алар Чоң Клин аймагы аркылуу мал айдап өтүүгө уруксат берүүнү суранышкан. Андан соң 2008-жылы Кыргызстандын парламенти тарабынан ратифицикацияланган Кыргызстан жана Казакстан чек арасын тактоо боюнча макулдашууну жокко чыгарууну талап кылышты. Эми алар бул документ үчүн добуш берген Жогорку Кеңештин 3-чакырылышынын 76 депутатына карата кылмыш ишинин козголуусун талап кылууда”, – деди ал.

Мамытов алардын талаптарынын негизгилери аткарылгандыгына карабай Кара-Буура тургундары сууну бууп салып жаткандыктарын айтты.

“Казакстан сууну бууп салгандарын талаптарын аткаруу үчүн кыргыз-казак чек арасында орнотулган мамыларды алып салууга даяр. Бирок ал жакта көптөгөн жергиликтүү тургундар жашагандыктан, андай кылуудан кооптонуп жатышат”, – деди Мамытов.

 

 URL: http://kyrgyz.vb.kg/227261