Домой Кылмыш Кара-Суу районунда 27 жаштагы келин никесиз төрөгөн 5 айлык баласын 70 миң...

Кара-Суу районунда 27 жаштагы келин никесиз төрөгөн 5 айлык баласын 70 миң сомго сатып жиберген

28

акчага бала сатууОш облусунун Кара-Суу районунун жашоочусу 1987-жылы туулган Н.М. өзүнүн 5 айлык баласын сатып жибергени үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалды. Маалыматка ылайык, ал өзүнүн 2013-жылдын сентябрь айында төрөлгөн баласын 2014-жылдын февраль айында 70 миң сомго сатып жиберген. Учурда бул эне жана бала сатууда ортомчулук кылган кара-суулук 1958-жылы туулган А.М. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармалуучу жайында отурушат. Алардын үстүнөн «адам сатуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Баланын энеси бул окуяны көп адамдан карыз болуп кеткендиги, никесиз төрөгөндүгү жана турмуштан кыйналып кеткендиги менен түшүндүрөт. Келиндин биринчи турмушунан бир баласы бар. Атасы жок, апасы Россияда тиричилик менен жүрөт.

Айбат гезити №80