Домой Коом Каракол шаарына митингге келгендердин унааларынан таштар табылган

Каракол шаарына митингге келгендердин унааларынан таштар табылган

6

КараколБул тууралуу Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов маалымдоодо. Анын айтуусунда, Каракол шаарына митингге келгендердин унааларынан таштар табылган. Буга байланыштуу 8 киши кармалып, азыр жагдайлары аныкталууда. Бул таштар эмне максатта апкелингени такталгандан кийин кармалгандарга карата юридикалык баа берилет. Административдик чара колдонулат. Кечээ  Каракол шаарына митинг өткөрүү үчүн келген жарандарды милиция кууп таркатып, айрымдарын кармаган болчу.

Айбат гезити №73